بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ Каттоо Колдоо Кайрымдуулук фонду +996 773 998 969 Telegram WhatsApp
Башкы бет — Суроо-жооп

Суроо-жооп

Telegram каналыбызда жарыяланган 124 суроо-жооп — бир жерге чогултулуп, темалар боюнча бөлүнүп, издөө менен жеткиликтүү кылынды.

Вирустун айынан айт намаз окуу тыйуу салынган өлкөлөрдө курбандык кайсыл убакытта союлат?
Багымдаттан кийин сойсо жарай берет.
Намаз
Ушул жума күнү нике окулса болобу? Айтайын дегеним жума куну айт күнүнө туш келип калат экен. Айт күнү кошулса болбойт деп уктум эле.
Жума күнү айтка туш келип калса деле нике окутса жарай берет. Бирок айт жана жума намаздан калып калбоо керек.
Намаз
Айт намазды онлайн окусак болобу?
Айт намазды, деги эле баардык намаздарды онлайн окуса болбойт.9-суроо: Айт намазды үйдө окуса болобу? Жооп: Айт намазы мечитте же аянтта жамаат менен имамдын аркасында окулат, үйдө окуганга болбойт. -суроо: Курбандыка бычма сойсо болобу? Жооп: Бычма малды сойсо болот, балким бычылбаган малга караганда жакшыраак.
Намаз
Намаз окуп жатканда алдыңан бирөө өтүп кетсе эмне болот. Намазды кайра башынан окуш кк болобу?
Намаз окуп жаткан адамдын алдынан өтпөө керек. Бирок өтүп кетсе намаз бузулбайт. Тактап айтканда намазды кайтарып окуп бербейсиз.
Намаз
4 рекеттик намазда 2- рекеттен кийин каадага отурбай туруп кетсе эмне кылыш керек?
Намаздын аягында оң жака салам бергенден кийин, кайра эки жолу сажда кылып аттахият, салават дуаларын окуп, эки жака салам берип, намазыңызды бүтүрөсүз. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0709087361
Намаз
Намазды качан КАСР кылып окуйбуз?
Эгерде сиз өзүңүз жашап жаткан жерден 90км алыстыктагы жерге сапар тартсаңыз жолдо катар намаздарды КАСР кылып окуп барасыз. Көздөгөн жериңизге жеткенде ал жакта 15 күндөн көп турам деп ниет кылсаңыз намаздарды толук окуп баштайсыз.Ал эми 15 күнгө жетпей кайра кайтам десеңиз анда намаздарыңызды жашаган жериңизге кайтып келгенге чейин КАСР кылып окуйсуз.
Намаз
Тахажуд намаз окуйм деп ниет кылып жатып, тура албай уктап калыптырмын, эми эмне кылсам болот карыз болуп калдымбы? Ниетим үчүн сооп жазылабы?
Ким тахажуд намаз окуйм деп ниет кылып бирок тура албай калса эч нерсе карыз болбойт, ниети үчүн сооп жазылат. . суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Намаз
Намазда турганда бир адам эснесе (оозун ачып уйку сураса) намазы бузулабы? Андан кантип кутулса болот?
Намазда туруп эснөө (уйку суроо) жалкоолуктун себебинен болуп макрөө деп эсептелет. Андан кутулуу үчүн намазды хушу (коркуу) менен окуу керек. Эгер эснеп калса бекем тиштенип оозун жапканга аракет кылуу керек.
Намаз
Парз намазын окуп бүткөндөн кийин сүннөт намазына чейин адамдар менен сүйлөшсө болобу?
Сүннөткө ылайык парз намаздан кийин адамдар менен сүйлөшпөстөн дароо сүннөт намазга туруу жакшыраак
Намаз
Сүрөтү бар кийим менен намаз окусам намазым өтөбү? Эгер ал кийимдин үстүнө башка кийим кийип алсамчы?
Сүрөтү бар кийим менен намаз окуу макүрөө болуп эсептелет. Сыртынан башка кийим кийип алса дагы, намазы дурус болгону менен макүрөө болот. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Намаз
Сапарда намазы каза болуп калган адам үйүнө келгенде казасын окуп бериши үчүн касрды ниет кылабы же толук намазды ниет кылабы ?
Сапарда намазы каза болсо, касрды ниет кылып, казасын окуп берет.
Намаз
Намазда алгачкы эки рекеттен кийин Ташаххуд дубасын унутуп калып үчүнчү рекетке туруп кетиптирмин, намазды кайра окуп беришим керекпи ?
Ташаххуд дубасын унутуп калсаңыз, жаңылуу саждасын (сажда сахв) кылып берүү менен кутуласыз. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Намаз
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын кулагына телефон аркылуу азан айтса болобу?
Телефон менен азан айтса жарай берет, жакшысы мындай айтканы.
Намаз
Нафиль намаздарда кыраатты сыртынан кылса жарай береби? Анткени Куранды кайталаганга жакшы болуп жатат
Түнкү нафиль намаздарды үн чыгарып окуган мустахаб болот. Күндүзгү нафиль намаздарды эмес. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Намаз
Мен парз намаз окуп жаткан учурда телефонума бирөө тынбай эле чала бергендиктен 4-рекетте намазымды таштап телефонду алдым. Эми эмне болот?
Парз намазды ортодон бузуп токтотконго болбойт. Бир гана өрт чыгып кеткен болсо же бирөө сууга чөгүп бараткан болсо сактап калуу үчүн намазды токтотконго болот. Ал эми сиз айткандай телефонго жооп берүү үчүн намазды бузганга болбойт.
Намаз
Ар бир намаздан соң дуба кылуу керекби?.
Негизи ар бир намаздан соң дуба кылсаңыз жарай берет. Бирок жакшысы: эгерде асыр намазы сыяктуу парз намаздан кийин сүннөт намаз окулбаган учурларда парздан кийин дуба кыласыз. Ал эми бешим сыяктуу парз намаздан кийин сүннөт намаз окулган учурда, сүннөттөрдү окуп алып андан кийин дуба кылсаңыз жакшы болот .
Намаз
Намазга киришүүдө “Аллоху акбар” деген сөздү сырттан айтуу керекби?
Өзүңүз уга турганчалык деңгээлде эриндериңизди кыймылдатып айтууңуз керек. Эгерде өзүңүзгө да угулбагандай, эриндериңизди кыймылдатпастан, жөн гана көңүлүңүздө айтып койсоңуз намазга кирген жок деген сөз болот. суроолорго жооп алуу үчүн админдердин ватцап номерлерине кайрылсаңыздар болот
Намаз
Тахаджут намазын окуп жатып саждага барганда Аллага кыргыз тилде жалбарып өткөн кемчиликтер үчүн кечирим сураса болобу?
Ооба, тахаджут намазында Жаратканга өз тилиңизде жалбарып кечирим сурасаңыз болот.
Намаз
Куран окуган учурумда намазда турган сыяктуу авратым жабык болуусу милдетпи?
Куран окуганда авратты жабуу адептүүлүк болуп, милдет эмес.
Намаз
Тамак даяр болгон учурда биринчи тамактанып соң намаз окулат, деп укканмын. Эгер шам намазынын бүтөрүнө 10 мүнөт калса, тамактанып анан намаз окусам намаз убактысы өтүп кетпейби?
Бул учурда биринчи намаз окулат. Негизи бул адамдын курсагы ач болуп ж-а намазда тамакты ойлонуп ойдун бөлүнбөөсү үчүн айтылган.
Намаз
Мен намазды бойго жеткенимден соң бир-нече жылдан кийин баштадым. Эми мурунку окулбай калган намаздарым кандай болот?
Ал намаздарды колуңуз бошогон учурда окушуңуз милдет.
Намаз
Эрте менен суу ичип жатканмын. Багымдатка азан айтып баштаганда дароо озумдагы сууну чыгардым. Туткан орозом дуруспу?
Азан айтып баштаганда тамагына суу кетпесе туткан орозосу дурус. Көпчүлүк учурда азан кечигип айтылгандыктан убакытка карап ооз бекиткен жакшыраак.
Намаз
Балагатка жетпеген кыз азан айтылгандан кийин суу ичип алса казасын тутуп береби?
Негизи эле балагатка толбогонго орозо кармоо милдеттүү болбогондуктан казасын кармоо да милдетүү эмес. Бирок, аларды орозого кондүрүү өтө жакшы тарбия болот.
Намаз
Эки жыл мурда боюмда бар болуп орозо кармай алган эмесмин. Андан кийин бир жыл баламды эмизип казасын дагы кармай албадым. Мага эмне милдеттүү болот?
Сизге ошол рамазандын казасын гана тутуп берүү милдет болот.
Намаз
Рамазан орозосунун ниети кандай айтылат?
“Ниет кылдым рамазан орозосун кармоого”, -деп айта бересиз. Же ушул эле маани акыл эсиңизде болуусу жетиштүү.
Намаз
Баардык эле ооруу түрлөрү рамазан орозосун кармоодон тособу?
Эгер оорусу ден-соолукка олуттуу зыяны боло турган болсо гана тосот.
Намаз
Даарат алып жаткандагы суу кийимге чачыраса эмне болот?
Колдон келишинче чачыратпай, ысырап кылбай даарат алуубуз керек.Ал эми чачырап кеткен суу кийимди булгабайт, нажас болуп эсептелбейт.
Тахарат жана тазалык
Аялдардын выделениясы дааратты бузабы?
Эгерде выделениянын өңү адаттагысынан өзгөрүп кетсе нажас болуп эсептелет дагы дааратты бузган болот. Ал эми өңсүз выделения дааратты бузбайт суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Тахарат жана тазалык
Жылаандын майынан жасалган самынды колдонсо болобу?
Жылаан нажас(ыплас) болуп эсептелгендиктен андан жасалган самын дагы нажас болуп колдонгонго тыйуу салынат. Бирок жыландын майы башка нерсеге аралашып өзүнүн химикалык курамы өзгөрүп кетсе аны колдонгонго болот суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Тахарат жана тазалык
Биз көбүнчө койлордун ичеги-карындарын тазалайбыз. Кийимдерибизде ошол нажасаттардын калдыктары калып калгандай сезиле берет. Тазалоонун жолу кандай?
Койлордун же башка нерселердин ичеги-карынынан нажас нерселер кийимге тийип калса ал кийимди 3 жолу жууп, ар бир жууган сайын сыгуу же болбосо таза болду деген күмөн үстөмдүүлүк болгонго чейин жуулса таза болду деп эсептелет.
Тахарат жана тазалык
Айбанаттардын калдыктарынан жасалган жер семирткичтерди колдонсок ошондон өсүп чыккан мөмө-жемиштер нажас болуп эсептелеби?
Андай жер семирткичтерден өсүп чыккан мөмө-жемиштер нажас эмес, таза болуп эсептелет.
Тахарат жана тазалык
Бассейндин суусуна даарат алса болобу?
Эгер бассейндин суусу чоң болуп б.а. 5м² болсо жана нажастын издери көрүнбөсө суу таза деп эсептелип, ага даарат алса болот.
Тахарат жана тазалык
Эркек менен аялдын ортосунда жыныстык катнаш болбостон, кармалоо сыяктуу амалдар менен эркектин уруктугу чыгып, аялдын уруктугу чыкпаса, аялга да гусул алуу милдеттүүбү же эркекке эле милдеттүүбү?
Эркекке гана гусул алуу милдеттүү. Аялга милдеттүү эмес суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Тахарат жана тазалык
Кээде канаттуулар кургатууга жайылган кийимдерге заңдарын таштап кетишет ошондо ал кийимдер менен намаз окуу болбой калабы?
Көгүчкөн менен чымчыктардын заңдары нажаска кирбегендиктен намазга эч таасирин тийгизбейт. Ал эми жырткыч канаттуулардын заңдары жеңил нажасатка кирет. Бул жеңил нажасаттардын көлөмү кийимдин төрттөн бир бөлүгүнө жетпесе аны менен намаз өтөт. Бирок, намаз макүрө(кемчиликтүү) түрдө өтөлүнгөн болот. Андыктан, мүмкүнчүлүктүн болушунча таза кийимдер менен намаз окууга аракет кылуу керек.
Тахарат жана тазалык
Орозо дурус болуу үчүн айыз токтогон соң тазалануу шартпы?
Багымдаттан мурда гусул алганга жетиштүү убакыт калганда айызы токтосо, ошол күнкү туткан орозосу гусул албаса да дурус. Бирок намаз окуу үчүн гусул алуу парз.
Тахарат жана тазалык
Айт күнү орозо кармаса болобу?
Эки айт күнү жана ташриктин үч күнү орозо кармаганга тыйуу салынат.
Орозо
Дааратта тиш пастасын мисвактын оордуна колдонсо болобу?
Дааратта мисвак колдонуунун максаты ,тишти, оозду тазалоо. Мисвактын ордуна башка ар түрдүү нерселерди колдонсоңуз да жарай берет.Орозо учурунда тиш пастасы кирип кетип, оозуңуз ачылып калбоосу үчүн абайлашыңыз керек.
Орозо
Орозодо үйдөгүлөрдүн биринин оозу бек экенин билип туруп, ал унутуп тамак жеп жатса эмне кылам? Эскертеминби же жөн коёмунбу?
Эгер ал адамдын денеси кубаттуу жаш жигит болсо оозу жабык экенин эскертүүңүз мустахаб (жакшы) болот. Ал эми картаңыраак же өзү жаш болсо дагы денеси алсыз болсо тим коёсуз.
Орозо
Орозо канчанчы числодо башталат?
Ушул айдын 13же 14 күтүлүүдө.
Орозо
Орозодо тамак-аш ташып иштесем болобу?
Ооба, болот.
Орозо
Шаввал айындагы орозого жана каза орозого чоогу ниет кылса болобу?
Чоогу ниет кылганга болбойт. Эгерде чоогу ниет кылса каза орозосуна өтөт.
Орозо
Боюнда бар аял доктор айткандыгы үчүн оозун ачса. Ага казасын тутуп береби же каффаарат милдеттүү болобу?
Боюнда бар аялга жана бала эмизген аялга орозодо оозун ачканга руксат берилет. Орозо кармаганга кудурети жеткенде тутпаган күндөрүнүн казасын кармап берет.
Орозо
Орозо кармаган адам мончого же душка түшсө болобу?
Болот, бирок оозу же мурдунан суу кирип кетпөөсү керек.
Орозо
Эгер адам таң ата элек деген ой менен оозун бекитип бирок таң аткан болсо өкүмү кандай болот?
Орозо кармады болуп эсептелбейт. Казасын гана тутуп берет.
Орозо
Аял киши орозо кармаган учурунда этек кири келсе кандай кылат?
Орозосу бузулат жана казасын кармап берет.
Орозо
Тамеки түтүнүн же тамак-аш буусун жыттоо менен ооз ачылабы?
Эгер адам ал нерсени өз эрки менен атайын барып жыттаса оозу ачылат. А эгер башка бирөө тамеки тартып анын жыты келсе же өзү там-аш жасап жатып анын жыты келсе оозу ачылбайт.
Орозо
Адам башканы тилдөө м-н же каргоо м-н оозу ачылабы?
Орозосунун сообу азаят.
Орозо
Зекетти жана фитр садаканы өзүнүн бир туугандарына берсе болобу?
Ооба, зекеттин, фитирдин акчаларын бир тууган ага-ини, эже-карындаштаргаберсе болот жана эки соопко ээ болот. 1- бергендиги үчүн 2- туугандар менен мамилени бекемдегендиги үчүн. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0709087361
Зекет жана садака
Үйдө кийим тигүүчү цехибизде 4 машинка иштетебиз. Ошол машинкаларга канча зекет беребиз?
Жумуш үчүн колдонулган техникалар үчүн зекет берилбейт. Зекетти ошол бизнесиңизден түшкөн акчадан 40\1 бересиз. Эгерде чогулган акчаңыз негизги муктаждыктарыңыздан сырткары болуп, ж.о.э. баасы 100г алтындын баасына жеткен болсо. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Зекет жана садака
Эгерде апасы жесир болуп, акчага муктаж болсо, баласы зекетин ага берсе болобу?
Балдары апасын муктаж болсо каржылаганга милдеттүү. Бирок зекетти апасына бергенге болбойт.
Зекет жана садака
Спирт ичимдиктери жана шариятка дал келбеген түрдө союлган эттер сатылган дүкөндө иштеген адамдын маянасынын өкүмү кандай?
Эгерде жумушчу ал дүкөндө ичимдиктерди сатып иштесе алган акчасы ыплас болуп эсептелет. Андай акчаны садака кылып жиберүү керек. Бирок, дүкөндө сатуучу эмес грузчик болуп иштесе алган айлыгы адал.
Зекет жана садака
Садаканы баласынын, атасынын, үй-бүлөсүнүн, жалпы эле мусулмандардын атынан ниет кылып берсе болобу?
Кандай гана жакшылык иш болбосун алардын сообун тирүүлөргө да өлгөндөргө да багыштаса болот. Садаканын сообун да багыштаса болот.
Зекет жана садака
Бизде соодада сатык салыгы деген нерсе бар. Ар бир товардан 2.5% беребиз. Ошону зекеттин ордуна ниет кылып берсе болобу же зекетке өзүнчө бериш керекпи ?
Зекет менен салык эки башка нерсе. Салык зекеттин ордуна өтпөйт. Себеби зекетти алууга укуктуу адамдар кедейлер гана.
Зекет жана садака
Акчамды банкта сактайм. Ал акчам банктагы акчалар менен кошо айланып, өсүп турат. Ошол акча мага адал болобу? Жана акчамды ошондой банкка сактасам туура элеби?
Сиз жашаган өлкөдө Ислам шариятына туура келген банк жок болсо анда акчаңызды жогорудагы айтылгандай банкта сактасаңыз боло берет. Койгон суммаңыздан ашыкчасын жакшылык иштерге садака кылышыңыз керек болот суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Зекет жана садака
Зекетте кой менен эчки чогу эсептелеби?
Ооба, кой менен эчки чогулуп 40га жетсе бир кой бересиз.
Зекет жана садака
Балдан (асалдан) зекет берүү үчүн өлчөмү канча КГ болушу керек?
Атайын белгиленген өлчөмү жок. Канча КГ бал алсаңыз ошонун ондон бирин берүүнүз керек.
Зекет жана садака
Зекетти кайненеге же кайатага берсе болобу?
Алар кедей болсо берсе болот. Бергениңиз үчүн зекеттин сообун жана ошондой эле туугандык мамилени бекемдегендин сообун аласыз. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Зекет жана садака
Банкта сактаган акчам өзүнөн-өзү көбөйүп, батир алганга жетип калды. Ошол түшкөн пайданын өкүмү кандай?
Банкка салган акчаңыздан ашыкчасы рибаа ( Сүткорлук ) болот. Аны садака кылып кутулушуңуз керек. Адал эмес. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Зекет жана садака
Жылкыдан канча зекет берилет?
Жылкылар эркек-ургачы болуп аралаш болгон болсо, ар бир жылкынын баасынын 40/1 берилет. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Зекет жана садака
Зекетти берип жатканда, ушул менин зекетим деп айтуу керекби?
Оозуңуз менен айтуу шарт эмес, жүрөгүңүз менен ниет кылсаңыз ошол жетиштүү. Тескерисинче бул менин зекетим деп , алып жаткан кишинин көңүлүн ирээнжитип албоо үчүн, бул сизге жөн гана белек. Ушуну бизден кабыл алып койуңуз деп, жылуу-жумшак сөз менен милдет кылбастан берүү керек.Ал эми жүрөгүңүздө зекет деген ниет болуусу керек. суроолорго жооп алуу үчүн админдердин ватцап номерлерине кайрылсаңыздар болот
Зекет жана садака
Балдар кыздар менен олтурганда тамашалап же чындап сага үйлөндүм деп бир кызга айтса, ал кыз кабыл кылдым десе, башкалар күбө болушса нике кыйылып калабы
Бул сыяктуу жоопкерчиликсиз абалдарда нике кыйылбайт. Балдар менен кыздардын мындай чогулуусу жана никени жеңил саноосу арам болуп эсептелет. Нике сыяктуу нерселер акы-укуктар сакталуусу үчүн расмий жерлерде болуусу керек.
Нике жана үй-бүлө
Үч ай кезинде баланы бойдон алдырса болобу?
Эрди-катындын макулдугу менен 4 айга чейин бойдогу баланы алдырса уруксаат болуп эсептелет. Эгерде олуттуу бир үзүр себеп болсо. Анткени түйүлдүктөгү балага 4 айдан кийин жан салынат. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Нике жана үй-бүлө
Үч айлык эмчектеги балам бар болчу, кайра жаңыдан бир айлык боюмда бар экенин билдим. Боюмдагы баланы алдырып салсам болобу? Эгер алдырбасам, үч айлык баламдын сүт эмүү акысын кемитип, зулум кылып койбоймунбу ?
Кандайдыр бир үзүр себептүү бойдогу баланы 4 айга чейин алдырса болот. Сиз айткан үч айлык эмчектеги балаңыздын сүт эмүү акысынын кемип калуусу боюңуздагы баланы алдырууга үзүр боло алат.
Нике жана үй-бүлө
Атам көбүнчө мени бирөөнүн акысын жеп, арам оокат кылууга түртө берет. Бирок мен атамдын айтканын кылбайм. Ушул себептүү атам экөөбүз кайым айтышабыз. Эмне кылышым керек?
Ата-энеге адал нерселерде гана баш ийебиз. Арам же күнөө иштерде баш ийгенге болбойт .
Нике жана үй-бүлө
Каржылай албайм деп үйлөнбөй жүргөн эркектерге кандай кеңеш айтасыз?
Бул шайтандын васвасасы болуп эсептелет. Аллага тобокел кылып, үйлөнө берүүсү керек. Акчасын керексиз нерселерге жумшабай, такыбачылык кылса, ырыскыны Аллах Таала берет.
Нике жана үй-бүлө
Чоң ата, чоң энелерибиздин арбактары биздин ал-акыбалдарыбыз тууралуу билип турушабы?
Ооба, өлгөндөр тирүүлөрдүн абалдары тууралуу билүүлөрү мүмкүн экендиги тууралуу шариятыбызда айтылат. Аллах Таала кимге кааласа кээ бир нерселерди билгизип турат. Кээ бир кабарларда биздин кылып жаткан иштерибиз аларга көрсөтүлөт экендиги тууралуу кабарланат. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Нике жана үй-бүлө
Кыз менен жигит ватцап аркылуу сүйлөшсө бул дагы зынага жатабы?
Ватцап аркылуу сүйлөшүү зынага алып баруучу жолдордун бири болуп эсептелет дагы шариятта тыйуу салынат.
Нике жана үй-бүлө
Биз күйөөм экөөбүз иштеп акчаны чогултабыз. Эми ошол акчадан экөөбүз тең сарптаганга акылуубузбу же күйөөм эле сарптаганга укуктуубу?
Жубайлар тапкан акчаларын өз-өзүнчө сарптаганга укуктуу. Ынтымакташып иш кылган жакшы.
Нике жана үй-бүлө
Аял талак алып жаткан учурда же талактан кийин махрын ( калыңын ) талап кылса болобу?
Нике келишими учурунда сүйлөшкөнгө жараша, аял махрын талап кылганга укуктуу.
Нике жана үй-бүлө
Кош бойлуу аял төрөтү жеңил болуш үчүн, кайсы зикирлерди кылса болот?
Вакия сүрөсүн окуп, көбүрөөк истихфар айтуусу жакшы болот.
Нике жана үй-бүлө
Аял киши күйөөсүнүн тайкесине жана абакесине жоолугу жок көрүнүп, алар менен кол алышып учурашса болобу?
Күйөөсүнүн тайкеси менен абакеси аялга махрам эмес болуп эсептелип, аларга жоолуксуз көрүнүүгө ж.о.э. кол кармашып учурашууга болбойт.
Нике жана үй-бүлө
“Кызыл ашыктан ылдый түшкөн шымдын багалеги тозокто болот.”- деген хадиске карап эркектер шымдарын томуктан ылдый түшүрбөй кийүүлөрү керек деген сөз эл арасында таркап жүрөт. Ушул туурабы?
Көп хадистерде бул нерсе (багалектин узун болуусу) мактанчаак, текебер адамдарга тиешелүү экендиги айтылат. Шариятта тыйуу салынган нерсе бул кийимдин узун же кыска болуусу эмес, текеберчиликтин болуусу. Кандай гана кийимди кийбейли жүрөгүбүздө өзгөрүү болуп, өзүбүздү башкалардан жогоруу сезип калсак мына ошол кийим арам. Айырмасы жок ал кийим көйнөк болсун же шым болсун, узун болсун же кыска болсун. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Нике жана үй-бүлө
Даарат алгандан кийин дуба кылса кабыл болот дейт. Ушул туурабы, каалаган дубабызды кылсак болобу?
Бул учур тазалануу, Кудайга жүздөнүү убактысы болгондуктан, дубалар кабыл болот. Атайын белгиленген дубага чектелбей, каалаган дубаны кылса боло берет. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Нике жана үй-бүлө
Тиштин арасынан чыккан кандан даарат бузулабы ?
Чыккан кан шилекейге аралашып, кызыл түскө жакын болсо анда даарат бузулат. Ал эми шилекейге аралашканда, сары түскө жакын болсо андан даарат бузулбайт.
Нике жана үй-бүлө
Эркек-аялдын макулдугу менен жыныстык мүчөнү кичирейтип же чоңойтууга шарият кандай карайт?
Жыныстык мүчө оор аврат болуп эсептелет. Аны кичирейтип-чоңойтуу үчүн авратты ачып башка бирөөлөргө көрсөтүү арам. суроолорго жооп алуу үчүн админдердин ватцап номерине кайрылсаңыздар болот
Нике жана үй-бүлө
Атам арак алып кел деп калат. Барып алып келбесем таарынат. Мен эмне кылышым керек?
Ата-энеге бузукулук иштерде баш ийүүгө буйрулган эмесбиз. Мындай учурда атаңыз сизди укпаса, сиз бир шылтоолорду айтып атаңыздан кутулуп кетиңиз. Көңүлүн оорутпайын деп күнөөгө батып албаңыз. Ошону менен биргеликте эле күнөө болбогон иштерде атаңызга баш ийип ага жакшы мамиле кылыңыз.
Нике жана үй-бүлө
Кабырларды эмнеге аялдар зыярат кылбашы керек? Апама барайын десем эле үйдөгүлөр жиберишпейт.
Кабырларды аялдар жандарына жакындарын алып, зыярат кылса болот. Бирок, барганда топуракка жатып, өзүн тытмалап ыйлактабашы керек. Адеп менен барып кайра адеп менен кайтуусу зарыл .
Нике жана үй-бүлө
Мал союп жатканда «БИСМИЛЛАХИ АЛЛОХУ АКБАР» – деген сөздү унутуп калып сойсо адал болобу?
Мусулман киши ал сөздү унутуп калып сойгон малы адал боло берет.А бирок БИСМИЛЛАНЫ атайлап таштаса, сойгон малы арам болуп калат суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0709087361
Соода, акча, иш
Квартираны рассрочкага алайын дедим эле шариятта буга кандай карайт? Эгер белгиленген мөөнөттөн кечигип калсам, кечиккеним үчүн үстүнө акча кошуп беришим керек. Ушул туурабы?
Шариятыбызда квартираны нак акчага ж.о.э. рассрочкага б.а ай сайын бөлүп төлөп сатып алса болот. Бирок белгиленген мөөнөттөн кечиккендиги үчүн үстүнө акча кошуп берүү сүткорлук болуп эсептелип, шариятыбызга туура келбейт. Сүткорлук арам. Сатуучу жөн гана күткөнгө туура келет.
Соода, акча, иш
Пайгамбарыбызды түшүндө көргөн адам бейиштик болобу ?
Пайгамбарыбызды түшүндө көрүү жакшылыктын белгиси. Бирок бул бейишке кирүүгө жетиштүү эмес. Бейишке кирүүбүз үчүн ошол Пайгамбарыбыздын осуяттарын аткарып, дин менен жашообуз керек.
Соода, акча, иш
Кошунамдын алма,өрүк бактары бар. Бутактары менин короомо салаңдап турат. Ошол шактардан короомо түшкөн алма-өрүктөн жесем болобу ?
Кошунаңыз сизге зыян болбоосу үчүн шактарды бутап, кесүүсү керек. Ал эми андан түшкөн мөмөлөрдү кошунаңыз уруксаат берсе гана жесеңиз болот. Мөмө-жемиштер бактын ээсинин мүлкү болуп эсептелет. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Соода, акча, иш
Шейит киши акыретте эсеп-кысапка тартылабы же сураксыз бейишке киреби?
Адамдарга карыз болбогон эле болсо, сураксыз бейишке кирет. Эгер адамдарга карыз болгон болсо, аны төлөш керек болот.
Соода, акча, иш
Бир адам бул дүйнөдөн өтүп кетсе аркасында калган малды мураскерлери туура эмес жолго иштетсе, өтүп кеткен адам сурака тартылабы?
Бирөөнүн кылган иши үчүн бирөө суракка тартылбайт. Өтүп кеткен адам эгерде эле малын адал жол менен таап, балдарын колунан келишинче жакшы жолго тарбиялаган болсо, алардын кылган туура эмес иштери үчүн атасы жооп бербейт.
Соода, акча, иш
Кокустан бир мышык өлтүрүп алдым, күнөө болобу?
Катачылык менен кылынган иште күнөө жок. Эгер мышык зыяндуу болсо, анда аны атайлап өлтүрсө да күнөө болбойт. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Соода, акча, иш
Азыркы Корона илдетинен, пандемиядан каза болгон адамдарды шейит деп айтып жатышат. Ханафий мазхабында буга кандай өкүм берилет?
Туура, азыркыдай ылаңдын себебинен каза болгон адам шейит деп эсептелет. Анткени кокустан же оорудан же өрттөн же там басып калып же сууга чөгүп кетип кайтыш болгон адамдар шейит болушат. Бирок кан майданда каза болгон шейиттен айырмасы буларды жерге берээрде жууп анан бериш керек
Соода, акча, иш
Мен Куран жаттап жатам. Жашым 61де. Тажвиддеги созуу, үндү кармап туруу деген сыяктуу эрежеси жок эле окуп жүрүп көнүп калыптырмын, өзгөртүш колумдан келбей жатат, ошол бойдон эле окуй берсем болобу же мындай кылганым арамбы?
Колуңуздан келишинче жаттай бериңиз. Ошого жараша соопко ээ болосуз буйруса суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Соода, акча, иш
Мен расмий адамдын колунда иштейм. Ал банктын кредит бөлүмүндө жумуш кылат жана мага айлыкты өзүнүн айлыгынан берет. Менин алган акчам адал элеби?
Сиз ал адам менен адал иш кылган болсоңуз эле алган акчаңыз адал болот.
Соода, акча, иш
Адам өлгөндө жасалма тиштерин чыгарып калуу керекпи, же зыяны тийбейби?
Калып калса зыяны тийбейт. Эгер баалуу болуп, жана чыгарып алууга мүмкүнчүлүк болсо чыгарып калса да болот.
Соода, акча, иш
Адамды эмне коркок кылып коёт? Динибизде коркоктуктан арылуунун жолу барбы?
Коркоктук адамга туура эмес ишенимден келип чыгат. Андан арылуунун жолу: өлүм, ырыскы бир гана Кудайдын колунда экендигин, баардыгыбыз Аллах Тааланын пендеси экендигибизди ага баш ийүүбүз милдет экендигин жана ошондой эле башкаларга караганда Аллах Тааладан көбүрөөк коркушубуз керек экендигин эстеп жүрүшүбүз керек. Буга жардам берүүчү нерселер: көп зикир кылуу, Куранды ой жүгүртүп окуу. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Соода, акча, иш
Машинамды саткам. Акчасын белгилүү убакытта алып келип беришимек. Белгиленген убакыттан бир жарым ай кечигип калды. Ошол кечиккен мөөнөтү үчүн акча кошуп беребиз деп жатышат. Ошол акчаны алсам болобу?
Кечиктиргени үчүн кошуп бересиң деп шарт кылсаңыз аны алганга болбойт. Жөн гана белек катары берсе алсаңыз болот. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Соода, акча, иш
Даарат алып жууган мүчөлөрү кургагандан кийин бир мүчөсүн жуубай калгандыгын эстесе, дааратын кайра башынан алабы?
Унутуп калган мүчөсүн жууп койуу жетиштүү. Бирок сүннөттүн сообун алуу үчүн кайра башынан алуусу жакшы.
Соода, акча, иш
Уяттуу жерлери жок сериялдарды көрсө болобу?
Эгерде сериял тарыхты чагылдырса же пайдалуу иштерге үгүттөсө көрсө болот. Ал эми жөн гана убакытты өткөрүү үчүн көрсө күнөөкөр болот. Анткени пайдасы жок иштердин баардыгы арам.
Соода, акча, иш
Кудайдан эмне бийик?.
Кудай баарынан бийик. Бийик дегенде үстүндө экен деп түшүнбөйбүз. Асты, үстү, алды, арты дегендер макулуктарга (жаратылган ) нерселерге тиешелүү. Аллах Таала жаратуучу, ага алды асты , үстү деп айтылбайт. Анда кпндай болуп калат? Ага акылыбыз жетпейт. Аны бар, бир, жалгыз деп билебиз, ж.о.э куранда келген ысым- сыфаттары аркылуу мээримдуу, ырайымдуу ж.б. деп билебиз, ыйман келтиребиз. Бирок аны элестетпейбиз. ️Эң эле жакшы элестеткенде апапапак чепкен кийген, ак селдечен бир ак сакалды элестетишибиз мүмкүн. Бирок ал андай эмес. ️Аны элестеткенге болбойт, ал эч нерсеге окшош эмес, жана эч нерсе ага окшош эмес. Ал Аллах. Аллахты асманда же аршта деп айтканга да болбойт. Себеби ал экөөнү да Аллах жараткан. Асманда болбосо, аршта болбосо анда ал каякта? Мындай суроо жаратылган макулуктарга берилсе жарашат, ал эми баарыбызды жараткан Аллахка каякта деген суроо жарашпайт. Биз макулуктар бир жерде болобуз, же үйдө, же эшикте, же асманда, же сууда айтор бир жерде. Анткени биз макулукпуз. Б.а. бир жерде болууга муктажбыз. Ал эми Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Ал ойлор ойлоп жетпеген Зат. Кулактар угуп бүтпөгөн Зат. Тилдер мактап түтпөгөн зат. Баардык айып кемчиликтерден аруу, таза Зат. Мына ошону Аллах, Кудай, дейбиз. Айтылуусу ар түрдүү болгону менен көздөлгөн максат бирөө. Ал Аллах! Мындан башкача сыпаттагыны кудай деп айта албайбыз. Кудай Кудай болуусу үчүн мына ушундай сыпаттарга ээ болуусу керек..
Соода, акча, иш
Курбандыка деп сатып алынган малдын бир мүйүзү сынып калса курбандыка жарай береби?
Сынган мүйүз мээге чейин жетип, тешип кетпесе жарай берет.
Ажылык жана курмандык
Курбандык милдет болгон ата динден сабаты жок болсо, курбандык милдет болбогон баласы атасынын атынан курбандык чалса болобу?
Баласы милдеттүү эмес бирок сойсо жарай берет.
Ажылык жана курмандык
Эгер бир бодо малды 7 киши биригип курбандыка чалганда, бирөөсү назрга ниет кылса, экинчиси акыйкага ниет кылса жарай береби? Же баардыгынын ниети курбандык үчүн болуш керекби?
Бир бодо малды адамдар биргелешип союп жатканда баардыгынын ниети Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана болсо жарай берет, мейли бирөө назрды бирөө акыйканы ниет кылса деле жарай берет. Бирок ушул адамдардын бирөөсү эле Алланын ыраазылыгын эмес этти ниет кылса баардыгынын курбандыгы жарабай калат.
Ажылык жана курмандык
Соода-сатык менен алектенген, өзүнчө мал-мулккө ээлик кылган аял курбандык чалууга милдеттүүбү?
Ал аялдын негизги муктаждыктарынан сырткары 100г өлчөмүндөгү алтындын баасына тең келген байлыгы болсо курбандык сойууга милдеттүү болот. Анын атынан жолдошу сойууга милдеттүү эмес.
Ажылык жана курмандык
Курбандык сойууну каалаган мусулман курбандык сойгонго чейин чач-тырмагын албай туруусу керкби ?
Курбандык сойууну каалаган адам чач-тырмактарын ала берсе болот. Макүрөө эмес.
Ажылык жана курмандык
Россияда эмгектенебиз курбандык чалалы деп жаттык эле, этин орус жетимдер үйүнө берсе болобу ?
Курбандыка сойулган малдын этин мусулманга да мусулман эмеске да берсе жарай берет.
Ажылык жана курмандык
Өтүп кеткен атасынын кылбай калган ажылыгын баласы өтөп берсе болобу?
Атасынын атынан ажылыкты аткарып берсе болот.
Ажылык жана курмандык
Шариятта дельфинди жесе болобу?
Ооба, жесе болот. Анткени ал балык түрүнө кирет. Балыктардын баардык түрү адал.
Ахлак жана турмуш
Мурутту устара (бритва) менен алуу сүннөткө каршы келеби?
Ханафий мазхабында мурутту устара менен алуу же жөн гана кыскартуу кайчы пикирде. Үрп-адатка жараша кыркса дагы кырса дагы жарай берет.
Ахлак жана турмуш
Мал-жандыкты шамдан кийин сойсо болобу?
Мууздаганда ката кетирип алуу коркунучу болгондуктан, караңгыда сойгон макрөө. Бирок түн ичинде болсо деле жарык жерде сойсо жарай берет. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Ахлак жана турмуш
Буттун согончогу же башка жерлердин териси кандайдыр бир себептерден улам жарылып же калыңдап 4-5 кат болуп кетсе даарат өтөбү же кестирүү керекби?
Тери калыңдап кетсе, же согончогу жарылып кетсе деле даарат өтө берет. Анткени алар дененин бир бөлүгү.
Ахлак жана турмуш
Өлгөн адамдын артынан ыйласа болобу?
Эл көрсүн учун же жасалма эмес ыйласа макрөө эмес. Анткени адам ыйлап жеңилдеп алат. Жакыны өлгөн адам ыйлабай тура албайт. Андан шариятыбыз тоспойт.
Ахлак жана турмуш
KFC жесе болобу?
Эгерде курамында чочко, өлүмтүк, каньяк, вино сыяктуу ж.б арам нерселер жок экендиги тастыкталса жесе болот.
Ахлак жана турмуш
Кальян тартса болобу ?
Тамеки сыяктуу макрух тахримий ( арамга жакын ) күнөө болот. суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Ахлак жана турмуш
Хадис баян китептерди дааратсыз окуса болобу?
Даарат менен окуу абзел, бирок милдет эмес.
Ахлак жана турмуш
Кошунамдын ити тоокторумду жеп кетип атат. Аттырып салсам эмне болот ?
Анык өзүңүз көрсөңүз кошунаңызга тоокторуңузду төлөтүңүз(сотко берип болсо дагы). Эгер тоок төлөтүп олтурмак белем десеңиз, анын уруксаатын алып, итти аттырып коюңуз. Бирок, кошунаңыз атырууга макул эмес болсо ал итти аттырууңуз болбойт. Эгер суроолоруңуздар болсо төмөнкү админдердин номурларына кайрылыңыздар!!! +962781253452+962787623692+962791439795
Ахлак жана турмуш
Зикирлерди үн чыгарбай, эриндерди кыймылдатпастан кылса болобу?
Ооба, боло берет.
Куран, зикир, дуба
Бир мусулман адам Куран китебин атайлап дааратсыз кармаса динден чыгабы?
Куран бул Жараткандын ыйык жана улук китеби болгондуктан аны дааратсыз кармоо арам болуп эсептелет. Бирок аны менен динден чыкпайт . суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү ватцап номерине кайрылсаңыздар болот 0706864908
Куран, зикир, дуба
Бөлмөгө фотоаппарат менен тартылган сүрөттөрдү илгенге болобу?
Колдо тартылган, ташка чегилген жандуу нерселердин сүрөттөрүнө тыю салынат. Ал эми фотоаппаратта тартылган сүрөткө тыйуу салынбайт.
Куран, зикир, дуба
Мен Кыргызстандын тарыхын, динин, маданиятын, жашоо-мүнөзүн чагылдырып мультфильм тартайын дегем. Каармандар курчак болушат. Ушуга шарияттын көз карашы кандай?
Эгерде мультфильм пайдалуу илим-билимге, жакшылыкка, тарыхты үйрөнүүгө, алдыга максат койууга, мүнөздөрдү жакшыртууга ж.б.у.с жакшы нерселерге үндөй турган болсо шариятыбызда уруксат берилет. Балким биз ага көбүрөөк муктажбыз.
Башка суроолор
Сакал өстүрүүчү даарыларлы колдонсо болобу ?
Ден-соолукка зыяны тийбесе колдонсо боло берет .
Башка суроолор
Колдо багылган коёндун жана ошондой эле жапайы коёндун этин жесе болобу?
Жапайы болсун же колдо багылган болсун коёндун этин жесе болот.
Башка суроолор
ПАБЖ-(PUBG), Фри файр-(Free Fire) деген сыяктуу оюндарды ойносо болобу? Шариятта өкүмү кандай?
Пайдасы жок, убакытты текке кетирүүчү оюндарды ойноо арам болуп эсептелет.
Башка суроолор
Денедеги бүдүрлөрдү атайлап сыгып, ириң же кан чыгарса ошондон даарат бузулабы ?
Денеден кан же ириң өзү чыксын же атайлап чыгарылсын дааратты бузат.
Башка суроолор
Фокусниктерди көрсө болобу ?
Пайдасы жок, убакытты текке кетирүүчү нерселерди көрүү арам.
Башка суроолор
Ташахудда Ашхаду аллаа илааха илла Аллах деген жерге келгенде сөөмөйдү көтөрүү керекпи? Кээ бирлери көтөрүү зарыл десе башкалары болбойт дешет?
Сөөмөйдү көтөрүү милдеттүү эмес, мустахаб болот көтөрсөңүз да көтөрбөсүңз да боло берет.
Башка суроолор
Адамга жин адам кейпинде көрүнүүсү мүмкүнбү?
Хадисте Абу хурайра деген сахабага шайтан адамдын келбетинде көрүнгөндүгү кабарланат. Жин адамдын келбетине өзгөрүүсү мүмкүн нерсе. Бирок өтө сейрек кездешет.
Башка суроолор
Аттахиятта сөөмөйдү көтөрүү керекби? Кээ бирлери көтөрүү зарыл десе кээ бирөө болбойт деп жатат
Сөмөйдү көтөрүү милдет эмес мустахаб. Көтөрсөңүз да көтөрбөсүңз да жарай берет.
Башка суроолор
Християндарды каапыр десек болобу?
Ким Лаа Илааха илла Аллах Мухаммад росуулу Аллах деп айтпаса каапыр болуп эсептелет. Мейли ал жөөт болсун християн болсун айрмасы жок.
Башка суроолор
Мен адамдар менен талашып, тартышып калган учурда алар уят сөздөрдү айтат. Мен эмне деп
берсем болот? Жооп: Талашып-тартышуудан алыс болуңуз. Эгер кеңеш сурап келсе айтыңыз, же айтканыңызды угат деген ойдо болсоңуз анда акыл-насаатыңызды айтыңыз. Эгер андай болбосо талашуудан алыс болуу керек. Ар бир убактыбыз кымбат. Убакытты пайдалуу гана нерселерге жумшообуз керек.
Башка суроолор
Бойго бүтүрүүдөн тосуучу каражаттарды колдонсо болобу?
Ден соолукка ачык заянын тийгизбесе жана ошондой эле жубайлар экөө тең макул болушса колдонсо болот.
Башка суроолор
Бул суроо боюнча жооп табылган жок. Төмөндөгү форма аркылуу сурооңузду жөнөтсөңүз, устаз жооп берет.
Жооптор «Ханафий Мектеби» устаздары тарабынан Ханафий мазхабы боюнча берилген. Татаал же жеке абалга байланыштуу маселелерде устазга түз кайрылууну сунуштайбыз.
Суроо берүү

Жообун таппадыңызбы?

Сурооңузду жазыңыз — устаз Ханафий мазхабы боюнча жооп берет. Жооп берүү убакытты талап кылышы мүмкүн: тактыкты шашылыштыктан жогору коёбуз.