بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ Каттоо Колдоо Кайрымдуулук фонду +996 773 998 969 Telegram WhatsApp
Башкы бет — Окуу багыттары

Окуу багыттары

Төрт негизги багыт, ар бири үч деңгээлге бөлүнгөн. Кайсы деңгээлден баштооңузду устаз кыска аңгемелешүүдөн кийин аныктайт.

Каттоо ачык Биринчи багыт

Куран, Тажвид жана Ижаза

Куран окууну тамгалардын махражынан баштап, ижаза деңгээлине чейин жеткирүүчү толук программа. Окуучунун деңгээли аңгемелешүүдө аныкталып, ага ылайык топко жайгаштырылат.

Аялдарга устаза, мырзаларга устаз сабак берет. Жумасына 3 же 4 күндүк тариф тандалат.

Деңгээлдер
Баштапкы

Тасхихул-хуруф: ар бир тамганын махражы жана сыпаты, туура окууну калыптандыруу.

Орто

Тажвид эрежелери толугу менен: нун сакин, мадд, идгам, ихфа жана колдонмо машыгуу.

Жогорку

Ижазага даярдык: Хафс кырааты боюнча жат окуу, устаздын алдында тапшыруу жана экзамен.

Каттоо ачык Экинчи багыт

Ханафий фикхи жана усулу фикх

Күнүмдүк турмуштагы өкүмдөрдү — тахараттан баштап соода-сатыкка чейин — мазхабдын мойнуна алынган китептеринен үйрөнүү. Максат: окуучу өкүмдү жаттап алуу менен эле чектелбей, анын кайдан чыкканын түшүнүшү.

Усулу фикх бөлүмүндө өкүмдөрдүн Куран менен Сүннөттөн кантип чыгарылганы, мазхабдын ыкмасы жана далил түрлөрү каралат.

Деңгээлдер
Баштапкы

«Нурул Изах»: тахарат, намаз, орозо, зекет жана ажылык боюнча негизги өкүмдөр.

Орто

«Мухтасарул Кудурий»: ибадат жана муамалат бөлүмдөрү, далилдер менен түшүндүрмө.

Жогорку

«Канзуд-Дакаик» жана усул боюнча «Нурул Анвар» — өкүм чыгаруу ыкмалары.

Каттоо ачык Үчүнчү багыт

Матуриди акыйдасы

Ишеним негиздерин Ахлус-Сүннө валь-Жамааттын Матуриди мектеби боюнча үйрөнүү: Аллахтын бар болушу жана сыпаттары, пайгамбарлык, китептер, кыямат жана кадар маселеси.

Азыркы замандын шектенүүлөрүнө жана адаштыруучу агымдарга илимий, салмактуу жооп берүүгө үйрөтүлөт — ашкерелөөгө жол берилбейт.

Деңгээлдер
Баштапкы

«Бадуль Амали»: назм түрүндөгү акыйда негиздери, түшүнүктүү түшүндүрмө менен.

Орто

«Акыйдатут-Тахавия»: Ахлус-Сүннөнүн жалпы ишеним негиздери.

Жогорку

«Шархул Акаид ан-Насафия» жана Имам Матуридинин «Китабут-Тавхид» эмгегинин негиздери.

Каттоо ачык Төртүнчү багыт

Араб тили: сарф, нахви, балага

Ислам илимдеринин ачкычы — араб тили. Максат: окуучу котормого көз каранды болбой, булак китепти өзү окуп, туура түшүнүп калуусу.

Сабактар кыргызча түшүндүрүлүп, машыгуулар араб тилинде жүргүзүлөт. Ар бир эреже мисал жана көнүгүү менен бекитилет.

Деңгээлдер
Баштапкы

Алфавит жана «Ажуррумия»: нахвинин негиздери, сүйлөм түзүлүшү.

Орто

«Катрун-Нада» жана сарф илими: этиштердин өзгөрүшү, тамыр системасы.

Жогорку

«Альфия ибн Малик» жана балага: сөз көркөмдүгү, маани жана баян илимдери.

Ижаза программасы

Санжыралуу күбөлүк деген эмне?

Ижаза — устаздын шакиртке «сен бул илимди менден туура кабыл алдың, эми башкаларга жеткире аласың» деп берген уруксаты. Ал устаздан устазга уланып, Пайгамбарыбызга ﷺ чейин барат.

Шарттары

Куранды туура окуй билүү (болжол менен 3 мүнөттө 1 бет) жана буга чейин тажвид өткөн болуу. Куранды толук жаттоо шарт эмес.

Убактысы

Окуучунун деңгээлине жана жумасына канча күн окуганына жараша. Деңгээли жетпегендер алгач тажвид/тасхих курсунан өтөт.

Жыйынтыгы

Экзамендан ийгиликтүү өткөн окуучуга Хафс кырааты боюнча, чынжырчасы көрсөтүлгөн ижаза күбөлүгү тапшырылат.

Толук каталог

22 курс, 7 багыт боюнча

Ар бир курс белгилүү бир классикалык китептин негизинде жүргүзүлөт. Кайсы курс азыр ачык экени жана жадыбалы Telegram каналыбызда жарыяланат.

Куран жана тажвид

КурсКитеп / программаУстаз
Тасхих — Куранды катасыз окууТамгалардын махражы жана сыпаттарыУстаз / устаза
Тереңдетилген тажвидМахраж, сыпаттар, колдонмо машыгууУларбек Ташболотов
Куран — Ижаза (Хафс кырааты)Ижазага даярдык жана экзаменАбдулазиз Калмурза уулу

Ханафий фикхи

КурсКитеп / программаУстаз
Фикх — баштапкы деңгээл«Тухфатул Мулук»Абдулмажид Бегбутаев
Фикх — орто деңгээл«Зубдатул Калам»Ырысбек Исмаилов
Намаз фикхи«Мукаддиматус-Салаат» (Намазга киришүү)Болот Абдылда уулу
«Намазымды тургузам» (айымдар үчүн)Муфтияттын уруксаты менен которулган китепАныкталууда

Матуриди акыйдасы

КурсКитеп / программаУстаз
Акыйда — «Акыйда Тахавия»Ахлус-Сүннөнүн ишеним негиздериТилек Зарылбеков
Акыйда — «Ас-Савадуль-Аьзам»Классикалык ханафий акыйда китебиЭлдияр Көбөнов
Акыйда — «Шарху Санусиййа»Ишеним негиздеринин шархыЖамалбек Сулайманов

Куран илимдери, хадис жана сийра

КурсКитеп / программаУстаз
Тафсир«Софвату ат-Тафасир»Элдияр Көбөнов
Хадис илими«Тайсир Мусталах Хадис»Аныкталууда
Сийра — Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяныСийра программасыНурсултан Базарбеков
Пайгамбарлык мурасХадис жана мурасОлжобай Алимбеков

Тасаввуф жана ахлак

КурсКитеп / программаУстаз
Тасаввуф — «Шарх Аййухал валад»Имам Газалинин эмгеги боюнчаУмаров Максат
Муриддиктин адептериЖүрөктү тазалоо жана адепАбдулазиз Адылбеков

Араб тили

КурсКитеп / программаУстаз
Нахви — грамматиканын негизи«Дурус ан-Нахвиййа»Аныкталууда
Нахви — уландысы«Дурус ан-Нахвиййа»Элмурат Сабырбек уулу
Араб тили — жандуу курсСүйлөшүү жана грамматикаХанафий Мектеби устаздары

Үй-бүлө жана тарых

КурсКитеп / программаУстаз
«Бактылуу үй-бүлө»«Бахжатул вардийа фил хаяти аз-завжия»Болот Абдылда уулу
Ханафий мазхабына киришүү жана ислам тарыхыМазхабдын тарыхы жана калыптанышыЖамалбек Сулайманов
Абу Ханифанын өмүр таржымалыФикх илиминин тарыхына киришүүХанафий Мектеби устаздары
Курстардын жадыбалы жана каттоо мөөнөттөрү өзгөрүп турат. Так маалымат үчүн: +996 778 110 211 же Telegram каналы.