بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ Каттоо Колдоо Кайрымдуулук фонду +996 773 998 969 Telegram WhatsApp
Башкы бет — Устаздар

Биздин устаздар

«Ханафий Мектебинде» сабак берген устаздар — Иордания жана Кыргызстандагы окуу жайларында билим алган, ар бири өз багыты боюнча ырааттуу программа жүргүзгөн адистер.

Жамаат

14 устаз, ар бири өз багытында

Сабактар мазхабдын мойнуна алынган классикалык китептеринин негизинде, ырааттуу тартип менен жүргүзүлөт.

АК

Абдулазиз Калмурза уулу

Негиздөөчү жана жетекчи

Ислам илимдери боюнча адис, изилдөөчү жана диний билим берүү тармагындагы уюштуруучу. WISE University (Иордания) — Ханафий юриспруденциясы факультети, бакалавр жана магистратура артыкчылык диплом менен. КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн адиси.

Фикх · Куран · Ижаза
Толук маалымат

Билими

Илим жолуна 2015-жылы түшүп, Кыргызстандагы бир катар диний окуу жайларда билим алган. Алгачкы устазы устаз Бакыт Усмановдон Куран, тажвид, араб тилинин грамматикасы, фикх, хадис жана башка ислам илимдери боюнча негизги билим алган. Ошондой эле «Расул Акрам» Ислам институтунда, «Заман Шамы» медресесинде жана «Ибн Халдун» институтунда билимин өркүндөткөн.

Жогорку билими

2018-жылдан тартып Иордания Хашимит Падышалыгында жогорку диний билимин улантып, Амман шаарындагы The World Islamic Sciences & Education University (WISE University) университетинин Ханафий юриспруденциясы факультетинде билим алган. Бакалавр даражасын 2018–2021-жылдары, магистр даражасын 2021–2024-жылдары Ханафий юриспруденциясы боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган. Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология багыты боюнча магистратурасында билимин улантууда.

Ижазалары

Негизги академиялык билими менен катар Иорданиядагы белгилүү аалымдардан фикх, усул ал-фикх, акыйда, хадис, кыраат, тажвид, мантык, тазкия жана араб тили боюнча билим алган. Кыраат илиминде Хафс кырааты боюнча Пайгамбарыбызга ﷺ чейин жеткен санад менен ижазага ээ. Ошондой эле «Таахил Ифта» — фатва берүү тармагына даярдоо программасын ийгиликтүү аяктап, өзгөчө жетишкендиги үчүн устаздары тарабынан сыйлыкка татыган.

Илимий жана коомдук ишмердүүлүгү

2020-жылдан бери «Ханафий Мектеби» онлайн окутуу жана агартуу борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп эмгектенет. Ханафий ислам илимдерин өнүктүрүүгө багытталган «Даанышмандык борбору» коомдук фондунун негиздөөчүсү. Мындан тышкары, Iftaacenter.com эл аралык билим берүү платформасында администратор, «Мавераннахр» кол жазмаларды изилдөө борборунда жана «Анвар аль-Улама» илимий борборунда изилдөөчү болуп эмгектенген. Ошондой эле WISE University университетинин Ханафий фикхи факультетинин дистанттык бөлүмүндө регистратор кызматын аткарган. 2026-жылдан тартып Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Диний билим берүү бөлүмүндө адис болуп эмгектенүүдө.

Карманган жолу

Фикхте Ханафий мазхабын, акыйдада Ахлу-с-Сунна вал-Жамаа салтынын Матуридий мектебин карманат.

Негизги багыттары

Ханафий фикхиУсул ал-фикхМатуридий акыйдасыХадисКыраат жана тажвидИфтааАраб тилиИслам кол жазмаларын изилдөөДиний билим берүү системасын өнүктүрүү
АБ

Абдулмажид Бегбутаев

Фикх устазы

Иордания Бүткүл Дүйнөлүк Ислам илимдер университетинин магистранты. «Ханафий Мектебинде» фикх илиминен акысыз сабактарды жүргүзөт.

«Тухфатул Мулук»
ЫИ

Ырысбек Исмаилов

Фикх устазы

Фикх илиминен ырааттуу сабактарды өтөт. Ибадат жана муамалат бөлүмдөрү боюнча түшүндүрмө берет.

«Зубдатул Калам»
БА

Болот Абдылда уулу

Фикх, акыйда, тасаввуф жана үй-бүлө

WISE University (Иордания) — ханафий фикхи боюнча бакалавр жана магистратура, учурда докторантура баскычында. Намаз фикхи, акыйда жана «Бактылуу үй-бүлө» багыттары боюнча сабак өтөт.

«Намазга киришүү» · «Шарху Санусиййа» · «Бахжатул вардийа»
Толук маалымат

Билими

1996-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Алгач Кыргызстан Ислам университетинде билим алып, кийин Иордания мамлекетинде ханафий фикхи боюнча жогорку диний билим алган. Бакалавр жана магистр даражаларын The World Islamic Science & Education University (WISE University) университетинде артыкчылык менен аяктап, учурда докторантура баскычында илимий изилдөөлөрүн улантууда.

Ижазалары

Негизги академиялык билими менен катар Матуридий жана Ашарий акыйдалары боюнча классикалык эмгектерди устаттардан окуп, тиешелүү ижазаларга ээ болгон. Ошондой эле бир катар хадис китептери жана кыраат илимдери боюнча Пайгамбарыбызга ﷺ чейин жеткен санаддар менен ижазаларды алган. Фатва берүү тармагындагы адистигин өркүндөтүү максатында «Таахил ал-Ифтаа» — фатва берүүгө даярдоо программасын аяктаган.

Руханий тарбия

Тасаввуф жаатында классикалык устаттык салт боюнча билим алып, Шазилий тарикатында руханий тарбиядан өтүп, зикирлер боюнча ижазаларга ээ болгон. Ошондой эле Рифаий тарикаты боюнча атайын зикирлерге ижаза алып, руханий тарбиясын уланткан.

Карманган жолу

Фикхте Ханафий мазхабын, акыйдада Матуридий жолун, ал эми руханий тарбияда Ахлу-с-Сунна вал-Жамаа салтына негизделген тасаввуф жолун карманат.

Илимий ишмердүүлүгү

Илимий жана агартуучулук ишмердүүлүгүнүн алкагында бир катар классикалык жана илимий эмгектерди кыргыз тилине которууга катышкан. Ошондой эле белгилүү аалым Хааким аш-Шахиддиндин «Ал-Каафий» эмгегин «Даар ма вараа ан-нахр» тобу менен биргеликте илимий негизде тахкик кылуу ишине катышкан.

Негизги багыттары

Ханафий фикхиУсул ал-фикхМатуридий акыйдасыХадисКыраатИфтааТасаввуфКлассикалык мурастарды изилдөө жана котормо
ТЗ

Тилек Зарылбеков

Акыйда устазы

Ахлус-Сүннөнүн ишеним негиздери боюнча сабак жүргүзөт.

«Акыйда Тахавия»
ЭК

Элдияр Көбөнов

Тафсир жана акыйда устазы

Куран тафсири жана акыйда илиминен ырааттуу сабактарды өтөт.

«Софвату ат-Тафасир» · «Ас-Савадуль-Аьзам»
ЖС

Жамалбек Сулайманов

Акыйда жана ислам тарыхы

Акыйда, ислам тарыхы жана ханафий мазхабына киришүү багыттары боюнча сабак өтөт.

«Шарху Санусиййа» · «Ханафий мазхабына киришүү»
НБ

Нурсултан Базарбеков

Сийра устазы

Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяны боюнча сабактарды өтөт.

Сийра
АА

Абдулазиз Адылбеков

Тасаввуф устазы

Жүрөктү тазалоо жана адеп-ахлак илими боюнча сабак жүргүзөт.

«Муриддиктин адептери»
УМ

Умаров Максат

Тасаввуф устазы, котормочу

Тасаввуф илиминен сабак өтөт. «Намазымды тургузам» китебинин котормосунун автору — котормо муфтияттын жана Доктор Салахтын уруксаты менен даярдалган.

«Шарх Аййухал валад»
ЭС

Элмурат Сабырбек уулу

Араб тили устазы

Нахви жана араб тили боюнча сабак өтөт.

«Дурус ан-Нахвиййа»
УТ

Уларбек Ташболотов

Тажвид устазы

Тажвид теориясы боюнча сабактарды жүргүзөт: махраж, сыпаттар жана колдонмо машыгуу.

Тажвид теориясы
ОА

Олжобай Алимбеков

Хадис жана мурас

Хадис жана «Пайгамбарлык мурас» багыты боюнча сабактарды өтөт.

«Пайгамбарлык мурас»
КМ

Кенжебаев Мирлан

Куран Хатым устазы

«Ханафий Куран Хатым» долбоорунда хатым дубаларын жетектейт.

Куран Хатым
Устаздардын толук билими, ижазалары жана сабак жадыбалы боюнча кошумча маалымат Telegram каналыбызда жарыяланып турат.
Кошулуңуз

Ушул устаздардан окугуңуз келеби?

Кайсы багыттан баштоону билбесеңиз, жөн эле жазыңыз — сизге ылайыктуусун сунуштайбыз.