بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ Каттоо Колдоо Кайрымдуулук фонду +996 773 998 969 Telegram WhatsApp
Башкы бет — Кайрымдуулук фонду

«Ханафий Мектеби» кайрымдуулук фонду

Илим таратуу менен катар, муктаж болгондорго жардам берүү да биздин ишибиздин бир бөлүгү. Ар бир акциянын толук финансылык отчёту жана кабыл алуу актылары ачык жарыяланат.

206кайрымдуу жаран
118 856сом чогултулду
3социалдык мекеме
7облуска план

2026-жылдын июль айындагы биринчи акциянын жыйынтыгы.

Ниетибиз

Ар бир облуска жетүү

«Ханафий Мектеби» жамааты өлкөбүздүн 7 облусундагы балдар үйлөрүнө жана карылар үйлөрүнө үзгүлтүксүз кайрымдуулук иштерин уюштурууну ниет кылды. Бул бир жолку акция эмес — туруктуу иш.

Ар бир мекеменин муктаждыгы алдын ала такталат: жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, чындап эмне керек экени аныкталат. Ар бир облустан 3 ыктыярчы барып, жардамды өз колдору менен тапшырат, фото жана видео отчет даярдайт.

  • Муктаждык алдын ала такталат — керексиз нерсе алынбайт
  • Жардам ыктыярчылар тарабынан өз колго тапшырылат
  • Ар бир өткөрүү расмий акт менен таризделет
  • Финансылык отчёт жана демөөрчүлөрдүн тизмеси ачык жарыяланат
Ханафий Мектеби
Биринчи акция · Ош, 2026-июль

Үч социалдык мекемеге жардам

«Алтын уя» балдар үйү

9 кг кир жуугуч машина тапшырылды.

Ымыркайлар үйү

Кондиционер — орнотуу иштери менен бирге тапшырылды.

Боорукердик карылар жана балдар үйү

12 кг кир жуугуч машина, предметтик дептерлер жана калем саптар.

Бардык жардамдар расмий кабыл алуу-өткөрүү актыларынын негизинде тапшырылды. Мекемелердин жетекчилиги фондго ыраазычылык каттарын берди.
Ачык отчёт

Ар бир сом кайда жумшалды

Аманатты сактоо — эң башкы милдет. Ошондуктан отчёт толугу менен ачык.

АталышыСумма
Жалпы түшкөн каражат118 856 сом
12 кг YASIN кир жуугуч машина28 500 сом
9 кг LG кир жуугуч машина34 500 сом
TOSOT кондиционери28 400 сом
Кондиционерди орнотуу4 000 сом
Кеңсе буюмдары (дептер, калем)7 160 сом
Жол чыгымы1 500 сом
Жалпы чыгым104 060 сом
Калдык каражат (кийинки акцияга)14 796 сом

Демөөрчүлөр тизмеси

206 адамдын толук тизмеси Telegram каналында PDF түрүндө жарыяланган.

Финансылык отчёт

Киреше-чыгаша боюнча толук эсеп.

Кабыл алуу актылары

Ар бир мекеме менен таризделген расмий документтер.

Ыраазычылык каттары

Мекемелердин жетекчилигинен келген расмий каттар.

Багыттарыбыз

Фонд эмнелерге жардам берет

Балдар жана карылар үйлөрү

7 облустагы социалдык мекемелерге үзгүлтүксүз жардам: тиричилик техникасы, кийим-кече, окуу куралдары.

Диний билим алган студенттер

Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү окуу жайларда билим алып жаткан студенттерге колдоо.

Курман айт курмандыгы

Курман айт күндөрүндө курмандык чалуу уюштурулуп, эти студенттерге жана муктаждарга таратылат.

Окуучуларга акысыз орун

Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга окуу борборунда акысыз орун берүү.

Китеп жана окуу материалдары

Окуу китептерин басып чыгаруу, котормо жана материалдарды даярдоо.

Аймактарга жетүү

Ар бир облуста ыктыярчылар тобу түзүлүп, жардам түз колго тапшырылат.

Катышуу

Кайрымдуулукка кошулуңуз

Каалаган өлчөмдө. Ар бир сом эсепке алынат жана отчётко кирет.

Оптима Банк · карта
4169 5853 5791 4679
ABDULAZIZ KALMURZA UULU
MBank · телефон номери
0773 998 969
ABDULAZIZ KALMURZA UULU
Которгондон кийин чекти WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз — акциянын отчётуна киргизебиз. Атыңызды жашыруун калтырууну кааласаңыз, ошону да айтыңыз.

مَنْ كَانَ فِي حَاجَةِ أَخِيهِ كَانَ اللَّهُ فِي حَاجَتِهِ

«Ким бир туугандын муктаждыгын өтөсө, Аллах анын муктаждыгын өтөйт.»

Бухари, Муслим