بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ Каттоо Колдоо Кайрымдуулук фонду +996 773 998 969 Telegram WhatsApp
Башкы бет — Колдоо

Колдоо көрсөтүү

Ханафий Мектеби — жамааттын колдоосу менен жашаган долбоор. Ар бир садака илимдин таралышына жана бир окуучунун билим алуусуна себеп болот.

Эмне үчүн

Илимге жумшалган садака — үзгүлтүксүз сооп

Пайгамбарыбыз ﷺ адам дүйнөдөн өткөндөн кийин анын амалы токтой турганын, бирок үч нерсе улана берерин айткан: агып жаткан садака, пайдаланылып жаткан илим жана ага дуба кылган салих бала.

Сиздин колдооңуз аркылуу алыс айылдагы бир бала Куранды туура окуганды үйрөнөт, бир аял өз динин тереңирээк таанып билет, бир студент окуусун таштабай бүтүрөт. Ошол илимден келген ар бир пайда сиздин таразаңызга да жазылат.

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акысыз орун берүү
  • Диний билим алып жаткан студенттерге жардам көрсөтүү
  • Устаздардын эмгегин колдоо
  • Окуу материалдарын жана китептерди даярдоо
  • Сайт, платформа жана техникалык чыгымдар
Ханафий Мектеби
Кандай колдоого болот

Колдоонун бир нече жолу

Бир жолку садака

Каалаган өлчөмдө. Кичине садака да чоң иштин бир бөлүгү болот.

Ай сайын колдоо

Туруктуу ай сайынкы жардам долбоордун пландуу иштешине эң чоң өбөлгө түзөт.

Бир окуучуга демөөрчүлүк

Мүмкүнчүлүгү жок бир окуучунун айлык окуу акысын өзүңүзгө алсаңыз, анын бүт билими сиздин таразаңызда.

Китеп жана материал

Окуу китептерин басып чыгаруу, котормо жана материалдарды даярдоо чыгымдарын каржылоо.

Тараттуу да садака

Акча жумшабай эле колдоңуз: досторуңузга айтыңыз, каналды бөлүшүңүз, сайтка шилтеме калтырыңыз.

Ыктыярчылык

Дизайн, монтаж, котормо, текст терүү — жөндөмүңүз менен да салым кошо аласыз.

Кайрымдуулук фонду

206 демөөрчү, 118 856 сом, толук ачык отчёт

2026-жылдын июлунда Ош шаарындагы үч социалдык мекемеге жардам көрсөтүлдү. Ар бир сомдун отчёту жана кабыл алуу актылары ачык жарыяланган.

إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ

«Адам дүйнөдөн өткөндө анын амалы токтойт, үч нерседен башка: агып жаткан садака, пайдаланылып жаткан илим жана ага дуба кылган салих бала.»

Муслим риваяты
Реквизиттер

Кайда которсоңуз болот

Оптима Банк · карта
4169 5853 5791 4679
ABDULAZIZ KALMURZA UULU
MBank · телефон номери
0773 998 969
ABDULAZIZ KALMURZA UULU
Оптима · телефон боюнча которуу
0773 998 969
ABDULAZIZ KALMURZA UULU
Которгондон кийин чекти WhatsApp аркылуу жөнөтсөңүз, каражат кайсы багытка жумшалганын кабарлап турабыз. Атыңызды жашыруун калтырууну кааласаңыз, ошону да айтыңыз.
Кантип

Колдоо көрсөтүү үчүн

Суроолоруңуз болсо же башка жол менен колдоо көрсөткүңүз келсе, түз байланышыңыз.

Аманатты сактоо биздин милдетибиз. Чогултулган каражат сөзсүз түрдө көрсөтүлгөн максатка гана жумшалат.