Окуу багыттары
Төрт негизги багыт, ар бири үч деңгээлге бөлүнгөн. Кайсы деңгээлден баштооңузду устаз кыска аңгемелешүүдөн кийин аныктайт.
Куран, Тажвид жана Ижаза
Куран окууну тамгалардын махражынан баштап, ижаза деңгээлине чейин жеткирүүчү толук программа. Окуучунун деңгээли аңгемелешүүдө аныкталып, ага ылайык топко жайгаштырылат.
Аялдарга устаза, мырзаларга устаз сабак берет. Жумасына 3 же 4 күндүк тариф тандалат.
Тасхихул-хуруф: ар бир тамганын махражы жана сыпаты, туура окууну калыптандыруу.
Тажвид эрежелери толугу менен: нун сакин, мадд, идгам, ихфа жана колдонмо машыгуу.
Ижазага даярдык: Хафс кырааты боюнча жат окуу, устаздын алдында тапшыруу жана экзамен.
Ханафий фикхи жана усулу фикх
Күнүмдүк турмуштагы өкүмдөрдү — тахараттан баштап соода-сатыкка чейин — мазхабдын мойнуна алынган китептеринен үйрөнүү. Максат: окуучу өкүмдү жаттап алуу менен эле чектелбей, анын кайдан чыкканын түшүнүшү.
Усулу фикх бөлүмүндө өкүмдөрдүн Куран менен Сүннөттөн кантип чыгарылганы, мазхабдын ыкмасы жана далил түрлөрү каралат.
«Нурул Изах»: тахарат, намаз, орозо, зекет жана ажылык боюнча негизги өкүмдөр.
«Мухтасарул Кудурий»: ибадат жана муамалат бөлүмдөрү, далилдер менен түшүндүрмө.
«Канзуд-Дакаик» жана усул боюнча «Нурул Анвар» — өкүм чыгаруу ыкмалары.
Матуриди акыйдасы
Ишеним негиздерин Ахлус-Сүннө валь-Жамааттын Матуриди мектеби боюнча үйрөнүү: Аллахтын бар болушу жана сыпаттары, пайгамбарлык, китептер, кыямат жана кадар маселеси.
Азыркы замандын шектенүүлөрүнө жана адаштыруучу агымдарга илимий, салмактуу жооп берүүгө үйрөтүлөт — ашкерелөөгө жол берилбейт.
«Бадуль Амали»: назм түрүндөгү акыйда негиздери, түшүнүктүү түшүндүрмө менен.
«Акыйдатут-Тахавия»: Ахлус-Сүннөнүн жалпы ишеним негиздери.
«Шархул Акаид ан-Насафия» жана Имам Матуридинин «Китабут-Тавхид» эмгегинин негиздери.
Араб тили: сарф, нахви, балага
Ислам илимдеринин ачкычы — араб тили. Максат: окуучу котормого көз каранды болбой, булак китепти өзү окуп, туура түшүнүп калуусу.
Сабактар кыргызча түшүндүрүлүп, машыгуулар араб тилинде жүргүзүлөт. Ар бир эреже мисал жана көнүгүү менен бекитилет.
Алфавит жана «Ажуррумия»: нахвинин негиздери, сүйлөм түзүлүшү.
«Катрун-Нада» жана сарф илими: этиштердин өзгөрүшү, тамыр системасы.
«Альфия ибн Малик» жана балага: сөз көркөмдүгү, маани жана баян илимдери.
Санжыралуу күбөлүк деген эмне?
Ижаза — устаздын шакиртке «сен бул илимди менден туура кабыл алдың, эми башкаларга жеткире аласың» деп берген уруксаты. Ал устаздан устазга уланып, Пайгамбарыбызга ﷺ чейин барат.
Шарттары
Куранды туура окуй билүү (болжол менен 3 мүнөттө 1 бет) жана буга чейин тажвид өткөн болуу. Куранды толук жаттоо шарт эмес.
Убактысы
Окуучунун деңгээлине жана жумасына канча күн окуганына жараша. Деңгээли жетпегендер алгач тажвид/тасхих курсунан өтөт.
Жыйынтыгы
Экзамендан ийгиликтүү өткөн окуучуга Хафс кырааты боюнча, чынжырчасы көрсөтүлгөн ижаза күбөлүгү тапшырылат.
22 курс, 7 багыт боюнча
Ар бир курс белгилүү бир классикалык китептин негизинде жүргүзүлөт. Кайсы курс азыр ачык экени жана жадыбалы Telegram каналыбызда жарыяланат.
Куран жана тажвид
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Тасхих — Куранды катасыз окуу | Тамгалардын махражы жана сыпаттары | Устаз / устаза |
| Тереңдетилген тажвид | Махраж, сыпаттар, колдонмо машыгуу | Уларбек Ташболотов |
| Куран — Ижаза (Хафс кырааты) | Ижазага даярдык жана экзамен | Абдулазиз Калмурза уулу |
Ханафий фикхи
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Фикх — баштапкы деңгээл | «Тухфатул Мулук» | Абдулмажид Бегбутаев |
| Фикх — орто деңгээл | «Зубдатул Калам» | Ырысбек Исмаилов |
| Намаз фикхи | «Мукаддиматус-Салаат» (Намазга киришүү) | Болот Абдылда уулу |
| «Намазымды тургузам» (айымдар үчүн) | Муфтияттын уруксаты менен которулган китеп | Аныкталууда |
Матуриди акыйдасы
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Акыйда — «Акыйда Тахавия» | Ахлус-Сүннөнүн ишеним негиздери | Тилек Зарылбеков |
| Акыйда — «Ас-Савадуль-Аьзам» | Классикалык ханафий акыйда китеби | Элдияр Көбөнов |
| Акыйда — «Шарху Санусиййа» | Ишеним негиздеринин шархы | Жамалбек Сулайманов |
Куран илимдери, хадис жана сийра
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Тафсир | «Софвату ат-Тафасир» | Элдияр Көбөнов |
| Хадис илими | «Тайсир Мусталах Хадис» | Аныкталууда |
| Сийра — Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяны | Сийра программасы | Нурсултан Базарбеков |
| Пайгамбарлык мурас | Хадис жана мурас | Олжобай Алимбеков |
Тасаввуф жана ахлак
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Тасаввуф — «Шарх Аййухал валад» | Имам Газалинин эмгеги боюнча | Умаров Максат |
| Муриддиктин адептери | Жүрөктү тазалоо жана адеп | Абдулазиз Адылбеков |
Араб тили
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| Нахви — грамматиканын негизи | «Дурус ан-Нахвиййа» | Аныкталууда |
| Нахви — уландысы | «Дурус ан-Нахвиййа» | Элмурат Сабырбек уулу |
| Араб тили — жандуу курс | Сүйлөшүү жана грамматика | Ханафий Мектеби устаздары |
Үй-бүлө жана тарых
| Курс | Китеп / программа | Устаз |
|---|---|---|
| «Бактылуу үй-бүлө» | «Бахжатул вардийа фил хаяти аз-завжия» | Болот Абдылда уулу |
| Ханафий мазхабына киришүү жана ислам тарыхы | Мазхабдын тарыхы жана калыптанышы | Жамалбек Сулайманов |
| Абу Ханифанын өмүр таржымалы | Фикх илиминин тарыхына киришүү | Ханафий Мектеби устаздары |
